Алланын элчиси (с.а.в.) айтты: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллага жагымдуураак жана сүйүктүүрөөк...» (Муслим)
Регионы | 19.11.2026
  • |

Талас облусунда имамдардын диний билимин тереңдетүү багытында окутуулар өтүүдө

КМДбнын Талас облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан имамдардын диний билимин тереңдетүү, Куран окуу чеберчилигин өркүндөтүү жана ыйык Куранды тажвид эрежелерине ылайык туура окуусун калыптандыруу багытында үзгүлтүксүз сабактар уюштурулууда.

Анын алкагында Талас районунун имамдары үчүн аптанын бейшембү күндөрү, ал эми Талас шаарынын имамдары үчүн ишемби күндөрү Куран сабактары өткөрүлүп, сабактарды Талас өкүчүлүгүнүн кызматкери Бекболот Бекманбет уулу алып барууда.

Сабактардын жүрүшүндө имамдарга Куран тамгаларын туура айтуунун эрежелери, махраж жана сыпаттар, тажвид илиминин негиздери, сүрөлөрдү туура жана катасыз окуу боюнча практикалык түшүндүрмөлөр берилүүдө. Ошондой эле катышуучулардын Куран окуудагы кемчиликтерин оңдоо жана алган билимдерин бекемдөө иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Бул демилгенин негизги максаты – имамдардын Куран илиминдеги билим деңгээлин жогорулатуу, намазда окулуучу сүрө-аяттарды туура окуусун камсыз кылуу жана диний кызматкерлердин кесиптик даярдыгын бекемдөө болуп саналмакчы.

Эске салсак ушул эле сабактар Айтматов, Манас жана Бакай-Ата районуну имамдары үчүн дагы өткөрүлүп келүүдө.