Алланын элчиси (с.а.в.) айтты: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллага жагымдуураак жана сүйүктүүрөөк...» (Муслим)
КМДБда Ташкент шаарында турган кыргызстандык зыяратчылардын маселеси каралды
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында Ажылык жана умра сапарларына даярдык көрүү иштери боюнча мекемелер аралык комиссиянын чукул отуруму болуп өттү.
Жыйында учурда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарынын аэропортунда умра сапарына уча албай калган кыргызстандык зыяратчылардын абалы жана аларды Мекенге кайтаруу маселеси каралды.
Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү тарабынан Ташкент шаарындагы жарандарыбыздын абалы тууралуу маалымат берилип, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен түз байланыш аркылуу алардын коопсуздугу жана учурдагы жагдайы талкууланды.
Ошондой эле жыйында «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү каралып, компаниянын жетекчиси Мирзат Кошоева чакырылып, орун алган жагдай боюнча түшүндүрмө берди.
Комиссия тарабынан биринчи кезекте Ташкент аркылуу Умра сапарына чыга албай калган жарандардын маселесин ыкчам чечүү жана аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча тиешелүү талаптар коюлду.
Мындан тышкары, зыяратчылардын абалынан жеринде кабар алуу жана алар менен түз жолугушуу максатында Азирети Муфтийдин орун басары Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилиги менен биргеликте Ташкент шаарына барып, жарандар менен жолугушуусун уюштуруу чечими кабыл алынды.
Андан тышкары «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын өкүлдөрүнө Ташкент шаарындагы зыяратчыларга жеринде барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жаралган маселелерди чечүүгө активдүү катышуу талабы коюлду.
ЗЫЯРАТЧЫЛАРГА КАЙРЫЛУУ
Ташкент шаарынын эл аралык аэропортунда умра сапарына уча албай калган жарандарга байланыштуу КМДБ төмөнкүлөрдү эскертет:
«Нур Умра Трэвел» ЖЧКсы аркылуу сертификат алып, умра сапарына чыгууну пландап жаткан жарандарга, ошондой эле умра зыяратына аттанууну көздөгөн мекендештерибизге учурдагы кырдаал турукташканга чейин башка кошуна өлкөлөр аркылуу сапарга чыкпоого чакырабыз жана сапарга байланыштуу маалыматтарды алдын ала тактоону өтүнөбүз.
Азыркы учурда зыяратчыларды Бишкек жана Ош шаарларындагы эл аралык аэропорттордон Сауд Араб Падышалыгына ташуу үчүн SalamAir, Air Arabia жана Flyadeal авиакомпанияларынын аба каттамдары жеткиликтүү жүргүзүлүп, зыяратчыларды күн сайын ташууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүктөн өзүбүздүн өлкөдөн учууга чакырабыз.
Ошондой эле жарандарды сапарга чыгууда коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурууга, расмий маалыматтарга таянууга жана такталбаган маалыматтардын негизинде жолго чыкпоого чакырабыз.
Зыяратчылардын коопсуздугу жана алардын укуктарын коргоо – КМДБнын негизги максатттарынын бири.