«Эркек болобу, аял болобу – ким ыйман келтирип, жакшы амал кылса, Биз ага жакшы жашоо беребиз» (Нахл сүрөсү, 97-аят).
Общество | 13.11.2026
  • |

Махачкала: Ислам аалымдарынын мурасына арналган конференциянын алкагында тегерек стол уюштурулду

Үстүбүздөгү жылдын 9–12-ноябрь күндөрү Дагестан Республикасынын борбор шаары Махачкалада «Мусулман аалымдарынын руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды жана жарандык иденттүүлүктү бекемдөөдөгү мурасы» аттуу VI эл аралык конференция өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Иордания, Оман, Пакистан өлкөлөрүнөн жана Россиянын бир катар аймактарынан окумуштуулар, окутуучулар жана диний чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. 

Эл аралык салмактуу саамалыкка муфтияттын атынан Азирети Муфтийдин орун басары Шакир ажы Маматов жана КМДБ кызматкери Уланбек ажы Сайпидинов катышып, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун жана Кыргызстан мусулмандарынын саламын жеткиришти.

Жогоруда айтылган эл аралык конференциянын алкагында тематикалык секциялар жана тегерек стол, ошондой эле пленардык жыйын да болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар мусулман аалымдарынын руханий мурастарын, ошондой эле руханий-адептик баалуулуктарды сактоодо жана жарандык иденттүүлүктү бекемдөөдө медиа-коммуникациялардын жана санариптик платформалардын ролун талкуулашты.

Конференция Дагестан гуманитардык институту тарабынан Ислам маданиятын, илимин жана билим берүүнү колдоо фондунун көмөгү менен уюштурулду.