"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 10.11.2026
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров умрасын өтөп жүргөн зыяратчылар менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров умра ибадатын аткаруу үчүн ыйык ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык зыяратчылар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети Муфтий зыяратчылар менен баарлашып, алардын ал-абалынан кабар алды. Ошондой эле умра ибадатын аткарууда ыйык жерлердин кадыр-баркын билүү, убакытты туура пайдалануу, ибадаттарды ихлас жана сабырдуулук менен аткаруу зарылдыгына токтолду.

Азирети Муфтий зыяратчыларды ыйык сапардын ар бир көз ирмемин пайдалуу өткөрүүгө, бири-бирине урмат-сый жана жардам көрсөтүүгө чакырып, жасаган ибадаттары кабыл болушун тиледи.

Өз кезегинде зыяратчылар Азирети Муфтий менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычтарын билдирип, ак баталарын жана жакшы тилектерин айтышты.

Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, зыяратчыларга руханий дем-күч тартууланды.