"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Образование | 06.11.2026
  • |

Кыргызстан Ислам университетинде илимий-практикалык конференция өттү

2026-жылдын 5-ноябрында Кыргызстан Ислам университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгына арналган «Илим, билим жана маданияттын өнүгүү келечеги» аттуу студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Иш-чара Исмаил кары Халиловдун Куран окуусу менен башталды.

Конференциянын ачылышында алгач КИУнун окуу иштери боюнча проректору Абдуваси ажы Матраимов сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Андан соң Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан Эратов жана КИУнун окутуучусу, Кыргызстан Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, илим-билимдин жана улуттук баалуулуктардын коомдогу орду тууралуу ой бөлүштү.

Ошондой эле конференцияга атайын конок катары социология илимдеринин кандидаты Бакытбек Малтабаров, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин социалдык-гуманитардык илимдер институтунун социология жана социалдык иштер кафедрасынын доценти, Кыргызстандагы социологиялык ассоциациясынын вице-президенти катышты.

Конференция үч секцияга бөлүнүп өткөрүлүп, ар бир секцияда КИУнун окутуучулар жамааты калыстар тобунун милдетин аткарышты. Катышуучулар өздөрүнүн илимий баяндамаларын сунуштап, актуалдуу маселелер боюнча ой-пикирлерин ортого салышты.

Конференциянын жеңүүчүлөрү:
1-секция:
1-орун – Омурова А. (КУУ)
2-орун – Качкынбаева М. (КМУ)
3-орун – Ниязбекова М. (И. Академиясы)

2-секция:
1-орун – Мурсалимова Асема (КМУ И. Арабаев)
2-орун – Алтынбекова Айжан (КУУ)
3-орун – Рысбекова Гүлүмжан (МУК)

3-секция:
1-орун – Барпыгулов Бекболот (Кыргыз улуттук агрардык университети)
2-орун – Сулпукаров Арген (КМУ И. Арабаев)
3-орун – Мадраимов Бектур (КИУ)

Конференциянын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Калган катышуучуларга сертификаттар берилип, студенттерди даярдап, коштоп келген жетекчилерге ыраазычылык билдирилди.

Илимий-практикалык конференция студенттердин илимий изденүүсүн өнүктүрүүгө, билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга жана улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталган маанилүү иш-чара болгонун КИУдан билдиришти.