«Жакшылыкта, такыбаалыкта бири-бириңерге көмөктөшкүлө» (Мааида сүрөсү, 2)
Бүгүн, 2-ноябрь күнү Ош-Маскат-Джидда багыты боюнча умра зыяратчылары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, Ош шаарынан авиа каттам каттай баштады.
Алгачкы каттам учары менен Ош шаарындагы «Сулайман Тоо» борбордук мечитинде умра ибадатын уюштуруу жана анын жүрүшүн талаптагыдай камсыз кылуу боюнча масштабдуу жыйын болду.
Жыйын Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы жана Ош облусундагы өкүлдөрү тарабынан уюштурулуп, КМДБнын умра бөлүмүнүн жалпы кызматкерлери, Ош шаары жана Ош облусунун аймагындагы мечиттердин имамдары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө умра ибадатына барууну каалаган жарандарга туура жана так маалымат берүү, зыяратчыларды уюшкандыкта сапарга даярдоо, ибадаттын тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды. Жарандардын коопсуздугун эске алуу менен аккредитациядан өткөн турфирмалар менен гана катталып баруу туура экендиги айтылды.
Ошондой эле умра сапарын уюштурууда мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, зыяратчыларга сапаттуу кызмат көрсөтүү, ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу боюнча имамдарга тиешелүү сунуштар жана тапшырмалар берилди.
Жыйындын соңунда умра ибадатын уюштурууда жоопкерчиликти күчөтүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү жана тиешелүү тараптар менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы белгиленди.