«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Общество | 30.10.2026
  • |

«Имам Матуриди» мечитинин имам-хатибин кызматтан бошотуунун негиздүүлүгү боюнча билдирүү

Ош шаарындагы «Имам Матуриди» мечитинин имам-хатиби С. Чалановду имамдык кызматтан бошотуунун негиздүүлүгү боюнча комиссиянын кароосунун жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды:

– Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ош шаарындагы өкүлү У. Сарыбаевдин атына келип түшкөн арызга байланыштуу атайын кызматтык иликтөө комиссиясы түзүлгөн эмес. Ошондой эле арыздын мазмунуна байланыштуу тиешелүү иликтөө жүргүзүлгөн эмес.

– Санжарбек Чалановду имамдык кызматтан бошотууда:

•    Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган жаза колдонуунун этаптары сакталган эмес;
•    имамды кызматтан бошотуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлгөн эмес;
•    кызматтан бошотуунун негиздери жана себептери имамга түшүндүрүлгөн эмес.

– Ошондой эле имам тарабынан арыз-даттануу берүүнүн белгиленген тартиби сакталган эмес.

Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Муфтият төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

•    Ош шаарындагы «Имам Матуриди» мечитинин имам-хатиби С.Чалановду кызматтан бошотуу жөнүндөгү буйрук жокко чыгарылды;

•    Жогоруда көрсөтүлгөн маселелердин негизинде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ош шаарындагы өкүлү У.Сарыбаевге жана кызматтык этиканы сактабагандыгы үчүн имам-хатиб С.Чалановго сөгүш түрүндө тартип жазасы берилди;

•    Мындан ары жарандардан түшкөн арыздарды мыйзам чегинде кароо диний өкүлчүлүктөрдөн талап кылынды.