«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Бүгүн, 30-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту. Иш-чарага КР ДИЭМУАнын бөлүм башчысы Нургазы Кыргызбаев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик, КМДБнын алдындагы илимий изилдөө институтунун директору Самаган Мырзаибраимов, КМДБнын эл аралык мамилелер жана Азирети Муфтийдин протоколу секторунун башчысы Белек ажы Жапаракун ж.б. катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө илим-билим тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү мекемелери менен диний башкармалыктын ортосундагы өз ара байланыштарды чыңдоо, жаштардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Азирети Муфтий илим-билимдин коомдун өнүгүшүндөгү ордуна токтолуп, жаш муунду ар тараптуу билимдүү, адеп-ахлактуу жана мекенчил инсан катары тарбиялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Аталган жолугушуу Азирети Муфтийдин жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолугушууларды өткөрүү боюнча жылдык иш планынын алкагында уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана илимий багыттардагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Айта кетсек, Азирети Муфтий жолугушуу аяктаган соң ордо калаадагы “Абдулкерим Сатук Бугра Хан” (Жал) мечитинде кутпа окуду.