«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Общество | 28.10.2026
  • |

Таласта КМДБнын «Диним – ислам, өлкөм – Кыргызстан» аттуу көчмө жыйыны өттү

Бүгүн, 28-октябрь күнү Талас облусунун Талас шаарында «Диним – ислам, өлкөм – Кыргызстан», «Муфтият кечээ, бүгүн жана эртең» аттуу көчмө жыйыны өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков башында турган мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин аймактардагы өкүлдөрү, райондук баш имам-хатибдер, дин кызматкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана калаа тургундары катышты.

Жыйын алгач Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен башталып, андан соң ыйык Куран аяттары окулду. 

Көчмө жыйында Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров 2024–2029-жылдарга карата бекилген стратегиялык иш-планы тууралуу кеңири маалымат берди. КМДБ жетекчиси өз сөзүндө аталган 5 жылдык иш-мерчемди ишке ашыруу механизмдери, жооптуулар, аны жүзөгө ашыруу ырааттуу жараяны боюнча токтолуп өтсө, КМАК төрагасы Замир кары Ракиев ислам баалуулуктары боюнча сөз сүйлөдү.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Байжигитов облустагы диний абал тууралуу маалымат берсе, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамга токтолуп, өлкөдөгү диний маданияттын өнүгүү жолунда баратканын белгиледи. 
 
Иш-чаранын жүрүшүндө КМДБнын 5 жылдык иш-мерчеми алкагында аткарылган иштери жана КМДБнын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү тууралуу видеолор көрсөтүлдү. Ошондой эле, тарбиялык маанидеги роликтер тартууланды. 

Жыйындын соңунда Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиевге КМДБнын атайын сыйлыгы ыйгарылды. Ошондой эле динге жана коомго эмгеги сиңген диний кызматкерлерге Азирети Муфтийдин Ардак грамотасы жана Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.