«Ким адал жол менен эмгектенсе, биз анын ишин берекелүү кылабыз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан аялдардын диний-укуктук, үй-бүлөлүк жана медиа сабаттуулугун жогорулатууга багытталган «Сабаттуу айым» долбоорунун алкагындагы семинар-тренинг Кара-Суу району жана Ош шаарында өткөрүлдү.
Долбоордун негизги максаты – аялдардын билим деңгээлин жогорулатуу менен бирге, коомдук маселелерди чечүүгө активдүү катышкан, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө салым кошкон жана диний чөйрөдө лидерлик сапаттарга ээ айымдарды калыптандыруу болуп эсептелет.
Иш-чаралар КМДБнын алдындагы илимий-изилдөө институту, үгүт-насаат бөлүмү жана аймактык диний өкүлчүлүктөр тарабынан уюштурулууда. Ошондой эле райондук жана шаардык баш имам-хатибдер семинарларды өткөрүү үчүн зарыл болгон уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүүдө.
Долбоордун алкагындагы окутуулар аялдардын диний жана укуктук түшүнүгүн тереңдетүүгө, үй-бүлөлүк мамилелердеги жоопкерчилигин арттырууга, маалыматтарды туура кабыл алуу жана талдоо жөндөмүн өнүктүрүүгө, ошондой эле коомдук турмушка жигердүү аралашуусуна өбөлгө түзүүгө багытталган.
«Сабаттуу айым» долбоору аркылуу айымдардын билимин жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү, алардын коомдогу ордун бекемдөө жана руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтууга кошкон салымын арттыруу көздөлөт.
Айта кетсек, «Сабаттуу айым» тренинги Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун муфтиятты өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминдеги аялдардын туура нуктагы диний билим камсыздоо пунктун аткаруу алкагында өткөрүлүүдө. Бекитилген графикке ылайык, тренинг 2026-жылдын октябрь-ноябрь ичи уланышы мерчемделүүдө.