«Ким адал жол менен эмгектенсе, биз анын ишин берекелүү кылабыз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
2026-жылдын 22-октябрында Азирети муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында жаңы курулуп жаткан медресенин пайдубалына капсула салуу аземине катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Сулумбек ажы Узеналиев медресенин курулушу ийгиликтүү аяктап, элдин кызматына берилишин тилеп, диний билим берүү мекемелеринин жаш муундарды ыймандуулукка, адеп-ахлакка жана жакшы тарбияга үндөөдөгү маанилүү ордун белгиледи.
Иш-чарага Бишкек шаарындагы Көлмө медресесинин мүдүрү Ырысбай ажы Ахунбаев, медресенин окутуучулары, айылдын аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты.
«Жаңы медресенин курулушу – диний билим берүүнү өнүктүрүүгө, жаш муундарга сапаттуу билим жана тарбия берүүгө багытталган маанилүү саамалык. Бул билим уясы келечекте көптөгөн жаштардын диний сабаттуулугун жогорулатууга жана адеп-ахлактык тарбия алуусуна өбөлгө түзөт», – деп билдиришти аймактагы диний өкүлчүлүктөн.