«Таразада кооз кулк-мүнөздөн оор нерсе жок» (Абу Дауд)
Общество | 23.10.2026
  • |

Аксакал аалымдарга КМДБнын атайын сыйлыктары тапшырылды

Бүгүн, 23-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында көп жылдардан бери динге кызмат кылып келе жаткан аксакалдарды сыйлоо аземи өткөрүлдү. Аземдин алкагында муфтият түзүмүндө 50 жылдан бери динге кызмат кылып келе жаткан диний аалым жана диний ишмер, АК мүчөсү Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулуна КМДБнын жогорку даражадагы «Айкөл» медалы тапшырылды. Ал эми 7 китептин автору, 92 жаштагы калемгер Абдинаби ажы Жунусовго диний башкармалыктын ардактуу «Насыйкат» медалы ыйгарылды.

Мындан сырткары, эл-журтка жана динге кызматы өткөн аксакалдарга да Азирети Муфтийдин атайын сыйлыктары берилди. Өз кезегинде Кыргызстан Аксакалдар кеңешинин атайын сыйлыктары жана белектери Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров жана КМАК төрагасы Замир кары Ракиев баштаган дин кызматкерлерине тапшырылды.

Айта кетсек, иш-чарага КМДБ жана КМАК жетекчилери, орун басарлары, Кыргызстан Аксакалдар кеңешинин төрагасы баштаган аксакалдар катышты.