«Ким адал жол менен эмгектенсе, биз анын ишин берекелүү кылабыз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
Бүгүн, 23-октябрь күнү Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Убайдилла ажы Сарыбаевдин демилгесинин негизинде КМДБнын Ош шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан өрттөн жабыркаган 3 үй-бүлөгө 148 000 акчалай жардам көрсөтүлдү.
Иш-чарага Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлүнүн басары Акжол ажы Бакиров баш болгон өкүлчүлүктүн эмгек жамааты катышып, өрттөн жабыркаган үй-бүлөлөргө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закировдун жана Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Убайдилла ажы Сарыбаевдин саламын жеткирип, үй ээлирене көңүл айтты. Ошондой кайрымдуулук жардамдары мындан ары да уланарын баса белгиледи.
Аталган иш-чара Ош шаарынын Туран кичи районунда жайгашкан жума мечиттердин колдоосу менен ишке ашты