«Ким адал жол менен эмгектенсе, биз анын ишин берекелүү кылабыз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
Общество | 26.10.2026
  • |

«Нарк» долбоору: Азирети Муфтий видеоролик жаратуучуларды сыйлады

Бүгүн, 26-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров муфтияттын «Нарк» долбоорунун алкагында тарбиялык маанидеги таасирдүү роликтерди тартып келе жаткан команданы кабыл алды.

«Коомду диний-агартуу багытындагы омоктуу пландарыбыз бар. Алардын катарында коомго улуттук жана диний наркты жеткирүү максатын көздөгөн «Нарк» долбоорубуз ишке ашууда. Долбоор аркылуу ыйманга,  адеп-ахлакка, таалим-тарбияга үндөгөн роликтерди тартып келебиз. Көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон роликтерди жараткан Мансурбек Канназар жетектеген режиссёрлук курам жана Жээнбек Момошов баштаган актёрлорду сыйлап коёлу деген ойлорубуз бар эле. Акыры бүгүн сааты чыгып олтурат. Командага КМДБнын жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем. Дал ушундай зарыл жана пайдалуу контенттерди жарата бериңиздер. Сиздерге чсыгармачылык ийгилик каалайм», – деди Азирети Муфтий сыйлык тапшыруу аземинде.

Айта кетсек, КМДБнын «Нарк» долбоорунун алкагында «Жалган парда», «Аталар да ыйлайт», «Айырмабыз болсун» жана «Кудайы конок» аттуу ислам баалуулуктарын жеткирүү жана үй-бүлө институтун бекемдөө максатындагы роликтер тартылган.