«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 17.10.2026
  • |

Солт-Лейк-Сити: Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров эл аралык форумда баяндама жасады

АКШнын Юта штатындагы Солт-Лейк-Сити шаарында G20 эл аралык форуму ийгиликтүү өтүүдө. Салмактуу эл аралык форумда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров глобалдык маселелер, тынчтыктын мааниси, ишенимдик көз караштар, руханий кризистер, жаштар тушуккан кыйынчылыктар жана көйгөйдү чечүүнүн механизмдери тууралуу доклад окуду. 

Кыргыз муфтийи дүйнөдө коомдордун бөлүнүшү күчөп, адамдардын бири-бирине болгон ишеними азайып жаткан учурларды эскертип, мындай шартта тынчтык чоң официалдуу документтерден гана эмес күнүмдүк жашоодон башталарын баса белгиледи. Абдузазиз кары тынчтык үй-бүлөдөгү мамиледен, мектептеги билимден, коомдогу бири-бирине болгон урматтан, өз ара түшүнүшүүдөн жана жаштардын бүгүнкү коомго болгон жоопкерчилигинен башталарын айтып, 

«Биз бүгүн кийинки муун жөнүндө сүйлөшүп жатабыз. Бирок чындыгында биз алардын келечегин бүгүн түзүп жатабыз. Биз жаштарга кандай баалуулуктарды берсек, эртең дүйнө ошондой болот. Эгер биз аларга сабырдуулукту, адилеттүүлүктү, боорукерликти, жоопкерчиликти жана өз ара урматтоону үйрөтсөк – биз тынчтыктын пайдубалын түптөгөн болобуз. Эгер биз аларга өз ара кызматташууну үйрөтсөк, коомдорду бекемдеген болобуз. Ошондуктан мен бул форумду жөн гана пикир алмашуу аянтчасы эмес, жаңы өнөктөштүктөргө жана конкреттүү демилгелерге жол ачкан маанилүү мүмкүнчүлүк катары баалайм. Келгиле, кызматташтыкты туруктуу тынчтыкка айландыралы. Бул биздин жалпы жоопкерчилигибиз», – деди ал өз баяндамасында.

Айта кетсек, АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында өтүүчү G20 форумуна Кыргызстандын атынан форумга төмөнкүлөр катышууда: 
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков;
- Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров;
- Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев;
- Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов ж.б.