«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Ош облусунун Алай районунун борбору Гүлчө шаарында аялзатына диний билим берүү, алардын руханий дүйнөсүн байытуу жана диний сабаттуулугун жогорулатуу максатында “Курманжан-Датка” атындагы диний окуу борбору ачылды.
Ачылыш аземине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров, өкүлдүн орун басары Абдумалик ажы Турсунбеков, өкүлчүлүктүн кызматкери Сулайман ажы Шерматов, Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков баштаган диний кызматкерлер, Гүлчө шаарынын мэри Нурсултан Тажибаев коштогон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров Азирети Муфтийдин атынан аялзатынын диний билим алуусунун маанилүүлүгүнө токтолуп, бул багыттагы иштердин коом үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
«Урматтуу асылзаада апаларыбыз! Бүгүн, Алай жергесинде аялдар үчүн диний окуу борборунун ачылып жаткандыгы - мени абдан кубандырды. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, аялзатынын, өзгөчө апаларыбыздын диний сабаттуулугун жогорулатуу – бүгүнкү күндөгү маанилүү маселелердин бири. Анткени эне – үй-бүлөнүн куту, балдардын алгачкы тарбиячысы. Эненин диний билими терең болсо, ал үй-бүлөсүнө туура багыт берип, жаш муундун адеп-ахлактык жактан калыптанышына чоң салым кошот. Ошондуктан аялдарыбызга жана апаларыбызга диний билим алууга шарт түзүү, алардын диний сабаттуулугун арттыруу багытындагы иштерди колдоо зарыл. Курманжан-Датка атындагы бул окуу борбору аймактагы аялзатынын билим алуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзүп, коомубуздун руханий өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем. Жалпы салым кошкондорго, Нуртилек мырза баштаган мугалимдерге, өзгөчө райондо болуп жаткан жакшылык иштердин башында турган Эмирлан ажыга ыраазычылыгымды билдирем», – деди Султанали ажы Гапуров.