«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Баткен облусунун Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында имамдардын диний билим деңгээлин жогорулатуу, Куран Каримди туура окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү жана тажвид эрежелерин бекемдөө максатында район имамдарынын арасында Куран жана тажвид боюнча сынак өткөрүлдү.
Аталган иш-чара Азирети Муфтийдин 5 жылдык стратегиялык иш-мерчеминин 5-пунктунун негизинде иштелип чыккан иш-чаралардын алкагында уюштурулду.
Сынактын жүрүшүндө катышуучулар Куран аяттарын туура жана көркөм окуу, тажвид эрежелерин сактоо, тамгалардын махраждарын туура чыгаруу жана диний билимдерин көрсөтүү боюнча өз ара күч сынашты.
Иш-чара имамдардын Куран окуу чеберчилигин жогорулатууга, диний билимдерин тереңдетүүгө жана коом арасында Куранды туура окуу маданиятын жайылтууга багытталды.