«Оболу төөнү казыкка бекем байла, андан соң гана Аллага тобокел кыл» (Хадис)
Общество | 02.11.2026
  • |

Ош: КМДБнын «Сабаттуу айым» долбоорунун алкагында тренингдер уланууда
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан демилгеленген «Сабаттуу айым» долбоорунун алкагындагы семинар-тренингдер Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа районунда улантылды. Кезектеги тренингге КМДБнын алдындагы илимий-изилдөө институтунун директору Самаган ажы Мырзаибраимов жана үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов катышып, ислам дининдеги аялзатынын орду боюнча лекция окушту. Окутуулардын жүрүшүндө аялдардын диний-укуктук, үй-бүлөлүк жана медиа сабаттуулугун жогорулатуу, диний түшүнүгүн тереңдетүү, коомдогу ордун бекемдөө жана социалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү маселелерине басым жасалды. Долбоордун негизги максаты – диний билими жетиштүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө салым кошкон, коомдук турмушка активдүү катышкан жана ар кандай маселелерге сабаттуу көз караш менен мамиле кыла алган айымдарды калыптандыруу болуп эсептелет. Семинар-тренингдер КМДБнын алдындагы илимий-изилдөө институту, үгүт-насаат бөлүмү жана аймактык диний өкүлчүлүктөрдүн уюштуруусу менен өткөрүлүүдө. Аларды жергиликтүү деңгээлде уюштурууга райондук жана шаардык баш имам-хатибдер да көмөк көрсөтүүдө. Белгилей кетсек, «Сабаттуу айым» долбоору Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров тарабынан муфтияттын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатуу максатында иштелип чыккан 40 кадамдан турган 5 жылдык стратегиялык иш-мерчемдин алкагында ишке ашырылууда. Тактап айтканда, аялдарды туура нуктагы диний билим менен камсыздоо багытындагы тапшырмаларды жүзөгө ашырууга багытталган. Бекитилген графикке ылайык, долбоордун алкагындагы семинар-тренингдер 2026-жылдын октябрь-ноябрь айларында өлкөнүн аймактарында улантылат.