«Жакшылыкта, такыбаалыкта бири-бириңерге көмөктөшкүлө» (Мааида сүрөсү, 2)
Кечээ, 2-ноябрда РФнын Кабардино-Балкар Республикасынын борбору Нальчик шаарында «Россия Федерациясынын элдеринин биримдиги» аттуу эл аралык илимий-теологиялык конференция болуп өттү. Иш-чараны Кабардино-Балкар Республикасынын мусулмандарынын Дин башкармалыгы Ислам маданиятын, илим жана билим берүүнү колдоо фондунун көмөгү менен уюштурду. Конференцияга Россиянын бир катар аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген 200дөн ашуун ислам аалымдары, муфтийлер, диний жана коомдук ишмерлер, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, ислам университеттеринин жетекчилери жана эксперттер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Ханафи мазхабы сыяктуу классикалык диний-укуктук мектептердин коомдогу орду, улуттук жана руханий баалуулуктарды сактоодогу мааниси, диний сабырдуулук, өз ара урматтоо жана жаш муунду адеп-ахлакка тарбиялоо маселелери талкууланды.
Конференциянын негизги темасы исламдын салттуу баалуулуктарын жана классикалык теологиялык-укуктук мектептерди сактоо, ошондой эле көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомдо элдердин ынтымагын, биримдигин бекемдөө маселелерине арналды.
Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан Иманбек Азизилла уулу катышып, жалпы катышуучуларга Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун саламын жеткирди.
"Ислам дини ар дайым биримдикке жана ынтымакка чакырып келген, чакыра бермекчи. Соңку кылымдарда үммөтү бөлүп-жарууга багытталган салттуу эмес агымдар күчөгөнү белгилүү. Ислам дүйнөсү үчүн Алла Таала Куранда белгилеген, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) көрсөткөн жана миңдеген жылдар бою калыптанган салттуу ахли сүннөт вал жамаатты бекем кармоодон башка жакшы жол билбейбиз", – деди ал. КМДБ кызматкери өз сөзүндө "Алланын жибин (динин) бекем кармагыла жана бөлүнүп-жарылбагыла" (Аали Имран, 103) аяттын зарылдыгын жана актуалдуулугун баса белгилеп өттү.
Ал эми конференциянын катышуучуларына кайрылган Кабардино-Балкар Республикасынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу Жамбулат Керефов Россиянын ар бир аймагында жергиликтүү тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрдү эске алган теологиялык мектептерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Белгилей кетсек, эл аралык жыйынга Кыргызстан, Түркия, Бахрейн, Иордания жана Россиянын бир катар аймактарынан өкүлдөр катышты.