"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 06.11.2026
  • |

Эл аралык конференциянын катышуучулары Эльбруска экскурсияга чыкты

Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Кабардино-Балкария Республикасында өткөрүлгөн эл аралык илимий-теологиялык конференциянын катышуучулары үчүн Эльбрус тоосуна экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын алкагында коноктор деңиз деңгээлинен 3847 метрге чейин көтөрүлүп, тоонун рельефине жана кооздугуна суктанышты. Элбрус деңиз деңгээлинен 5642 метр бийиктикте жайгашкан өчүп калган жанар тоо болуп, Орусиядагы гана эмес, кээ бир географиялык чек ара аныктамалары боюнча Европадагы эң бийик чоку болуп эсептелет. Ушул себептүү, тоо системасы аймактагы атактуу чектиттердин болуп, жайдыр-кыштыр туристтер үзүлбөйт. 

Маалымат иретинде айта кетсек, 2-ноябрда Кабардино-Балкар Республикасынын борбору Нальчик шаарында «Россия Федерациясынын элдеринин биримдиги» аттуу эл аралык илимий-теологиялык конференция болуп өткөн. Ал эми 3-ноябрда конференция катышуучулары шаардагы бир катар билим берүү мекемелеринде семинарларды өткөн.

 Иш-чара Кабардино-Балкар Республикасынын мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан Ислам маданиятын, илим жана билим берүүнү колдоо фондунун көмөгү менен уюштурулган. Конференцияга Россиянын бир катар аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген 200дөн ашуун ислам аалымдары, муфтийлер, диний жана коомдук ишмерлер, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, ислам университеттеринин жетекчилери жана эксперттер катышкан.

Жыйындын жүрүшүндө Ханафи мазхабы сыяктуу классикалык диний-укуктук мектептердин коомдогу орду, улуттук жана руханий баалуулуктарды сактоодогу мааниси, диний сабырдуулук, өз ара урматтоо жана жаш муунду адеп-ахлакка тарбиялоо маселелери талкууланган. Конференциянын негизги темасы исламдын салттуу баалуулуктарын жана классикалык теологиялык-укуктук мектептерди сактоо, ошондой эле көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомдо элдердин ынтымагын, биримдигин бекемдөө маселелерине арналган.

Аталган эл аралык жыйынга Кыргызстан, Түркия, Бахрейн, Иордания жана Россиянын бир катар аймактарынан өкүлдөр катышкан. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан Иманбек Азизилла уулу катышып, жалпы катышуучуларга Кыргызстан мусулмандарынын саламын жеткирген.