"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 10.11.2026
  • |

Жидда: Көчмө штаб өкүлдөрү ажылыкты уюштуруу боюнча эл аралык окутуудан өтүп, сертификатка ээ болушту

Сауд Араб Падышалыгынын Жидда шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын кызматкерлери 2027-жылдагы ажылыкты уюштуруу программасынын алкагында САПтын Ажылык жана умра министрлиги өткөргөн окутууга катышты. Окутуу курсту ийгиликтүү аяктап, сынак тапшырып, сертификаттарга ээ болушту.

2026-жылдын 6-ноябрынан 10-ноябрына чейин Сауд Араб Падышалыгынын Жидда шаарында өткөн окутууга дүйнөнүн 167 өлкөсүнөн диний кызматкерлер катышты.

Окутуу ажылыктын 11 багыты боюнча уюштурулду. КМДБнын атынан 2027-жылдагы ажылык сапарын уюштуруу боюнча штабдын курамындагы 11 дин кызматкери төмөнкү багыттар боюнча билим алышты: Ыйык жерлерде кызмат көрсөтүү, транспорт, конокторду кабыл алуу, ажыларды топтоп жөнөтүү (тафвидж), саламаттык сактоо, тамак-аш тармагы, ажыларды жатаканаларга жайгаштыруу, кардарларга кызмат көрсөтүү жана натыйжалуу байланыш, маалымат жана медиа, ошондой эле алдын ала даярдык жана уюштуруу.

Окуудан тышкары кызматкерлер 2027-жылдагы ажылык сапарын уюштурууга арналган атайын көргөзмөгө да катышты.

Окутууда алынган билим жана тажрыйба Кыргызстандан барган ажыларга сапар учурунда көрсөтүлө турган кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.