“Айткын: Алла Жалгыз! Алла эч кимге муктаж эмес! (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн. Ага эч ким теңдеш эмес”. (Ихлас сүрөсү)
Общество | 16.11.2026
  • |

Баткен облусунда КМДБнын «Сабаттуу айым» долбоору жыйынтыкталды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан демилгеленген «Сабаттуу айым» долбоорунун алкагындагы семинар-тренингдер Баткен облусунда ийгиликтүү жыйынтыкталды. Долбоордун алкагындагы окутууларга Баткен районунан жана шаарынан, Кызыл-Кыя шаарынан, Кадамжай жана Лейлек райондорунан келген айымдар катышты.

Семинар-тренингдердин жүрүшүндө аялдардын диний-укуктук, үй-бүлөлүк жана медиа сабаттуулугун жогорулатуу, диний түшүнүгүн тереңдетүү, коомдогу ордун бекемдөө жана социалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү маселелерине басым жасалды.

Иш-чараларга Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы илимий-изилдөө институтунун директору Самаган ажы Мырзаибраимов жана үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов катышып, айымдарга тиешелүү багыттар боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти.

Ошондой эле иш-чараларды уюштурууга КМДБнын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жана хатибияттар көмөк көрсөтүштү.

Долбоордун негизги максаты диний билими жетиштүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө салым кошкон, коомдук турмушка активдүү катышкан жана ар кандай маселелерге сабаттуу көз караш менен мамиле кыла алган айымдарды калыптандыруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, «Сабаттуу айым» долбоору Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров тарабынан муфтияттын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатуу максатында иштелип чыккан 40 кадамдан турган беш жылдык стратегиялык иш-мерчемдин алкагында ишке ашырылууда.