«Эркек болобу, аял болобу – ким ыйман келтирип, жакшы амал кылса, Биз ага жакшы жашоо беребиз» (Нахл сүрөсү, 97-аят).
Общество | 13.11.2026
  • |

Талас облусунда умра зыяратын уюштуруу боюнча жыйын өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын умра бөлүмүнүн кызматкерлери Талас облусундагы имамдар менен жолугушуу өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө умра ибадатын аткарууну ниет кылган жарандарга туура маалымат жеткирүү, зыяратчыларды сапарга даярдоо жана умранын шарттары менен эрежелерин кеңири түшүндүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 

Мындан тышкары, зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу, сапар учурунда жаралышы мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн алдын алуу жана мыйзамдуу негизде кызмат көрсөтүү маселелери каралды. Бул багытта жарандарга КМДБ тарабынан аккредитациядан өткөн туристтик компаниялар аркылуу гана умра сапарына чыгуу сунушталды. Ошондой эле коңшу мамлекеттер аркылуу уюштурулган сапарлардын тобокелчиликтери тууралуу маалымат берилди. 

Жыйындын алкагында имамдарга эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, умрага барууну каалаган жарандарга ишенимдүү маалымат берүү жана зыяратчылардын укуктарын коргоого багытталган иштерге көңүл буруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди. 

Жыйын соңунда умра ибадатын уюштурууда жоопкерчилик, так маалымат жана мыйзамдуулук башкы орунда турушу керектиги белгиленип, бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да күчөтүү зарылдыгы айтылды.