Алланын элчиси (с.а.в.) айтты: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллага жагымдуураак жана сүйүктүүрөөк...» (Муслим)
Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында Кыргызстан Ислам университетине Малайзиядагы INCEIF университетинин өкүлдөрү иш сапары менен келишти. Иш сапардын алкагында КИУнун студенттери үчүн International Centre for Education in Islamic Finance (INCEIF) – ислам каржысы боюнча билим берүүнүн эл аралык борборунун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтык презентация өткөрүлдү.
Конокторду Кыргызстан Ислам университетинин окуу иштери боюнча проректору, АК мүчөсү Абдуваси ажы Матраимов, КИУ деканы, АК мүчөсү Султан ажы Ташматов жана КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов баштаган окутуучулар тосуп алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ислам каржылоосунун негизги принциптери, анын өзгөчөлүктөрү жана заманбап каржы системасындагы орду тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Ошондой эле INCEIF университетинин билим берүү багыттары, эл аралык мүмкүнчүлүктөрү жана ислам каржысы тармагында адистерди даярдоо боюнча жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү тааныштырылды.
Иш-чара студенттер үчүн ислам каржысы жаатындагы билимдерин кеңейтүүгө, эл аралык тажрыйба менен таанышууга жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алууга шарт түздү.
Жолугушуунун соңунда тараптар билим берүү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү багытында пикир алышты.