Алланын элчиси (с.а.в.) айтты: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллага жагымдуураак жана сүйүктүүрөөк...» (Муслим)
Бүгүн, 18-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен КМДБ кызматкерлери Өзбекстандын Ташкент шаарында кичи ажылыкка уча албай туруп калган кыргызстандык зыяратчылардан жеринен кабар алды.
«Бүгүн Ташкентте калып кеткен зыяратчылар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Азыр бул жердеги 54 киши ыйык сапарга учуу алдында турат. Калганы Мекенге кайтууга ыраазы болушту. Кудай буюрса, маселелер оң жагына чечилип жатат», – деп билдирди Азирети Муфтийдин орун басары Шакир ажы Маматов.
Эскерте кетсек, кечээ, 18-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында Ажылык жана умра сапарларына даярдык көрүү иштери боюнча мекемелер аралык комиссиянын чукул отуруму болуп өткөн.
Жыйында учурда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарынын аэропортунда умра сапарына уча албай калган кыргызстандык зыяратчылардын абалы жана аларды Мекенге кайтаруу маселеси каралган.
Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү тарабынан Ташкент шаарындагы жарандарыбыздын абалы тууралуу маалымат берилип, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен түз байланыш аркылуу алардын коопсуздугу жана учурдагы жагдайы талкууланган.
Ага улай, КМДБ Ташкент шаарынын эл аралык аэропортунда умра сапарына уча албай калган жарандарга байланыштуу КМДБ төмөнкүлөрдү эскерткен.
Текст толугу менен берилет:
«Нур Умра Трэвел» ЖЧКсы аркылуу сертификат алып, умра сапарына чыгууну пландап жаткан жарандарга, ошондой эле умра зыяратына аттанууну көздөгөн мекендештерибизге учурдагы кырдаал турукташканга чейин башка кошуна өлкөлөр аркылуу сапарга чыкпоого чакырабыз жана сапарга байланыштуу маалыматтарды алдын ала тактоону өтүнөбүз.
Азыркы учурда зыяратчыларды Бишкек жана Ош шаарларындагы эл аралык аэропорттордон Сауд Араб Падышалыгына ташуу үчүн SalamAir, Air Arabia жана Flyadeal авиакомпанияларынын аба каттамдары жеткиликтүү жүргүзүлүп, зыяратчыларды күн сайын ташууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүктөн өзүбүздүн өлкөдөн учууга чакырабыз.
Ошондой эле жарандарды сапарга чыгууда коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурууга, расмий маалыматтарга таянууга жана такталбаган маалыматтардын негизинде жолго чыкпоого чакырабыз.
Зыяратчылардын коопсуздугу жана алардын укуктарын коргоо – КМДБнын негизги максатттарынын бири».