Алланын элчиси (с.а.в.) айтты: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллага жагымдуураак жана сүйүктүүрөөк...» (Муслим)
Образование | 19.11.2026
  • |

ОшМУнун теология факультетинде имамдарга квалификациясын жогорулатуу курсу башталды

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде Ош шаарынын жана Ош облусунун мечит имамдары үчүн «Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу» окуу курсуна старт берилди. 

Имамдардын диний сабаттуулугун арттырууга жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган бул курс 16-28-ноябрга чейин уланат. 

Аталган иш-чара КР Президентинин «Кыргыз жараны», «Улуттук нарк» жарлыктарын жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун ОшМУнун окуу-структуралык түзүмдөрүндө ишке ашыруу тапшырмаларынын алкагында уюштурулууда.

Окуу программасы төмөнкү негизги максаттарды көздөйт:

• дин кызматкерлеринин билимин тереңдетүү жана коомдогу диндин ордун туура түшүнүүсүн камсыздоо;
• заманбап диний процесстерге илимий негизде баа берүү жөндөмүн өнүктүрүү;
• радикалдык жана экстремисттик көз караштардын алдын алуу;
• мамлекеттин дин саясатын коомчулукка туура жеткирүү боюнча билим-көндүмдөрдү калыптандыруу.

Саамалыкта Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү У. Сарыбаев имамдардын коомдогу орду чоң экенин баса белгилеп, аталган курстун маанилүүлүгүнө токтолду. 

Ал эми теология факультетинин деканы, доцент Ниязали ажы Арипов катышуучуларга ийгилик каалап, коомдук ынтымакты, биримдикти чыңдоодо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда дин кызматкерлеринин ролу чоң экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, бул окуу курсу КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, КМДБнын Ош шаары, Ош облусундагы өкүлчүлүктөрү жана Ош мамлекеттик университетинин өз ара кызматташтыгынын негизинде өткөрүлүүдө.