«Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Инсанды Ал уюган кандан жаратты. Оку! Сенин Эгең абдан айкөл – Ызааттуу. (Алак сүрөсү, 1-3)
Общество | 25.11.2026
  • |

Азирети Муфтий ОшМУнун теология факультетинин студенттери менен жолугушту

Кечээ, 24-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин студенттери менен жолугушту. Жылуу маанайда өткөн жолугушууда Азирети Муфтий «Үй-бүлөлүк баалуулуктар жана таалим-тарбия» деген темада баяндама жасап, анда үй-бүлө институтунун коомдогу орду, улуттук жана руханий дөөлөттөрдү сактоо, муундар ортосундагы адеп-ахлактык мамилелерди бекемдөө жана жаш муундарды ыймандуулук, адептүүлүк, жоопкерчилик принциптеринин негизинде тарбиялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Аталган теманын алкагында үй-бүлөнүн коомдун руханий пайдубалы катары мааниси, ата-эненин бала тарбиялоодогу жоопкерчилиги, улуттук нарк-насил менен диний баалуулуктардын өз ара байланышы сыяктуу маселелердин актуалдуулугу баса белгиленди.

Ошондой эле теология факультетинин студенттери менен бүтүрүүчүлөрүнүн коомдогу орду, үй-бүлөлүк ынтымакты чыңдоо, адеп-ахлактык тарбияны жайылтуу жана коомдун руханий өнүгүүсүнө салым кошуу багытындагы жоопкерчилиги тууралуу пикир алмашууга, кызыктуу суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Теология факультетинин деканы, доцент, PhD доктор Ниязали ажы Арипов алып барган иш-чарага КМДБнын алдындагы илимий-изилдөө институтунун директору Самаган ажы Мырзаибраимов, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адылбек уулу, Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Убайдилла ажы Сарыбаев, Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлүнүн орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, ошондой эле теология факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.