"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров аймактардагы өкүлдөргө багытталган жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө өкүлдөрдүн кварталдык отчёттору угулуп, аймактардагы диний абал, аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар кеңири талкууланды. Азирети Муфтий өз сөзүндө дин кызматкерлеринин жоопкерчилигине токтолуп, элге туура багыт берүү, ынтымакты бекемдөө жана руханий баалуулуктарды жайылтуу багытындагы иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле жер-жерлердеги маселелер айтылып, аларды чечүү боюнча сунуш-пикирлер ортого салынды. Аймактагы диний өкүлдөр тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилип, алдыдагы максаттар белгиленди.
Жыйын соңунда Азирети Муфтий диний кызматкерлерди биримдикте иш алып барууга чакырып, берилген тапшырмаларды так жана сапаттуу аткаруу тапшырмасын койду.