"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 18.04.2026
  • |

Азирети Муфтий Ош шаарындагы борбордук мечиттин курулуш иштери менен таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош шаарында эски мечиттин ордуна жаңыдан курулуп жаткан «Имам аль Бухарий – Алай» атындагы борбордук мечиттин курулуш иштери менен жеринде таанышты.

Иш-чарага КМАКтын  текшерүү комитетинин төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, КМДБнын финансы жана чарба бөлүмүнүн башчысы Толкунбек ажы Жуманов, Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев жана Ош облусундагы өкүлү Султан ажы Гафуров өкүлчүлүктөрдүн эмгек жамааттары катышты.

Иш-чарада мечиттин курулушуна жооптуу адистер тарабынан Азирети Муфтийге жаңы курулуп жаткан мечиттин проектиси тааныштырылды.  

Азирети Муфтий динибизде мечиттин орду абдан чоң экенин баса белгилеп, тез арада бүткөрүү зарылдыгына токтолду.

«Динибизде мечиттин орду абдан чоң. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Медина шаарына көчүп баргандагы эң алгачкы иши мечит куруу менен башталган. Мына, күн өткөн сайын жакшы жаңылыктарга күбө болуудабыз. Кечээ эле Бишкек шаарында да ушундай заманбап мечиттердин, диний окуу жайдын курулуш иштери башталды эле, эми буюрса Ош шаарында дагы борбордук «Имам аль Бухарий» мечитибиз кайрадан курулуп, заманбап, архитектуралык кооздугу менен жаңыдан түптөлгөнү турат. Албетте, бул нерсе мусулмандар үчүн жакшы жаңылык», – деди Азирети Муфтий.