«Ким адал жол менен эмгектенсе, биз анын ишин берекелүү кылабыз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
2026-жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин Россия Федерациясынын Дагестан Республикасынын Махачкала шаарында эл аралык конфессиялар аралык жаштар форуму болуп өттү. Аталган форумга Азирети Муфтийдин Бишкек шаарындагы өкүлү Бакыт ажы Кайкиев катышты.
Форумга Россия Федерациясынын муфтилери, диний ишмерлери, чет өлкөлөрдөн келген диний уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана жаштар катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – ар түрдүү улуттардын жана дин өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара урмат-сыйды, ынтымакты, коңшулук мамилени бекемдөө жана тынчтыкта жанаша жашоо маданиятын өнүктүрүү болду. Форумдун алкагында жалпы жыйындар, тегерек столдор, талкуулар, билим берүү мекемелериндеги жолугушуулар жана тематикалык жума намаз хутбалары уюштурулду.
Мындай эл аралык иш-чаралар диний уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга, диндер аралык түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана коомдогу тынчтык менен туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөт.