"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
КМДБнын Калкты диний маалымат менен камсыздоо бөлүмү тарабынан Баткен облусунун жалпы имамдарына курбан айт боюнча онлайн сабак өткөрүлдү.
Курман айт майрамынын жакындап калгандыгына байланыштуу уюштурулган бул жыйында курмандык чалуунун шарттары кеңири түшүндүрүлдү. Алсак, курмандык чалуу кимдерге важиб экени, курмандыкка кайсы жаныбарлар жараары жана ибадатты кайсы убакыттарда аткаруу керектиги тууралуу маанилүү маселелер козголду. Сабактын соңунда имамдар тарабынан берилген суроолорго так жооптор берилип, кызуу талкуу менен жыйынтыкталды.