«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» (Тахрим сүрөсү, 6-аят)
2026-жылдын 1-август күнү Кыргызстандын Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнө караштуу Ленин районунун имам-хатибдери «Адам жаны – аманат» аттуу коомдук түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында автобус айдоочуларына, такси кызматкерлерине, СТО кызматкерлерине жана мечит жамаатына жол кыймылынын эрежелерин сактоо, жолдо бири-бирин урматтоо, жүргүнчүлөргө сылык жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуу боюнча насааттар айтылды.
Имамдар адам өмүрүн сактоо – Ислам дининин эң негизги баалуулуктарынын бири экенин белгилеп, жол эрежелерин так сактоо ар бир адамдын диний жана жарандык милдети экенин түшүндүрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө жол коопсуздугу боюнча маалыматтык брошюралар таратылды.
Мындай агартуу иштери мындан ары да жума баяндарында, шам баяндарында жана башка жолугушууларда үзгүлтүксүз уланып, коомдо жоопкерчилик маданиятын калыптандырууга өз салымын кошот.
🤲 Адам жаны – Аллахтын аманаты. Ар бир өмүрдү сактоо – жалпыбыздын жоопкерчилигибиз!