"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 27.05.2026
  • |

Бишкекте Курман айт намазы окулду

Бүгүн Бишкек шаарында Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Курман айт майрамына карата миңдеген адамдардын катышуусунда айт намазы окулду. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков жана башка мамлекеттик ишмерлер катышты. Чогулган элге Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басарлары Шакир ажы Маматов жана Рафаил ажы Татиков ошондой эле Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев баяндарды айтты.

Айт намазы куран окуу менен башталып, диний баяндар айтылып, саат 7:30 да курман айт намазы окулду.

 

Ардактуу Пайгамбарыбыз (ﷺ) Курман айт күндөрүнүн улуктугу тууралуу мындай деген:

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ قُرْطٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم: «إِنَّ أَعْظَمَ الأَيَّامِ عِنْدَ اللَّهِ يَوْمُ النَّحْرِ. ثُمَّ يَوْمُ الْقَرِّ، وَهُوَ الَّذِى يَلِيهِ». – السنن الكبرى للبيهقي — (5/241).

قَالَ عِيسَى قَالَ ثَوْرٌ: وَهُوَ الْيَوْمُ الثَّانِى. – سنن أبى داود — (2/82).

«Алла Тааланын алдында күндөрдүн эң улугу – бул «йаумун-нахр» (б.а., курман айттын биринчи күнү). Андан кийин анын артынан келген «йаумул-карр» (курман айттын экинчи күнү) турат».