"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кечээ, 6-май күнү Бишкек шаарында «Окусаң сеники» аттуу онлайн китеп окуу конкурсунун жыйынтыктоо жана сыйлоо аземи өткөрүлдү. Аталган саамалыкка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар ардактуу конок катары чакырылып, китеп окуунун пазилеттери тууралуу баяндама жасашты.
Конкурс 30-апрель күнү «Акыйкат жарчысы Мухаммед (с.а.в): өмүр баяны" китебинин негизинде өткөрүлгөн.
Конкурска коюлган утуштар:
• Башкы байге: Hyundai Solaris автоунаасы
• Умрага жолдомо
• iPhone 15 Pro
• Ноутбук
• Планшет
• Кир жуугуч машина
• Ташкентке жана Алматыга жолдомолор ж.б. жалпы 100 орунга чейин белектер коюлган.
Алдыңкы 10 жеңүүчү:
Аты-жөнү Баллы Убактысы
1. Салайдин Кызы Н. 87.0 491.37
2. Meerim Raimkulova 86.0 464.607
3. Чыныгул М. 86.0 566.728
4. Умар Акбаров 86.0 608.962
5. Абдырахманов Н. 86.0 619.187
6. Гүлзина Эржигитова 85.0 484.397
7. Нурали Дженалиев 85.0 547.701
8. Айтурган Бакытбекова 84.0 475.016
9. Алдаш Уулу Н. 84.0 516.513
10. Зарлыкова Мээрим 84.0 551.61
Уюштуруучулардын айтымында, чоң масштабдагы китеп окуу конкурсуна инстаграмда «Аскар авто дубай» деп таанылган иштер демөөрчүлүк кылган. Бул конкурс билимге умтулган, китеп сүйгөн ар бир адам үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду.