"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 21.04.2026
  • |

Болочок ажыларга нускама!

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ыйык сапарга аттанат. Бул күндөрдө дүйнөнүн чар тарабынан келген мусулмандар Меккеге жана ыйык жерлерге жол тартып, ажылык ибадатын аткарууга даярдык көрүшөт.

Бул сапар — руханий тазалануунун, сабырдын жана биримдиктин жолу. Ар бир кадамыңыз берекелүү болуп, бардык дубаларыңыз кабыл болсун!

Ыйык сапарга чыккан ар бир зыяратчы үчүн Сауд Арабияга кирүүдө тартипти сактоо абдан маанилүү. Бул эрежелерди кармануу сапарды жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт.

Зыяратчылар үчүн эң маанилүү нерселердин бири – Nusuk картасы (бейжик). Бул картасыз Меккеге жана ыйык жерлерге кирүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле ал негизги кызматтарга жетүүнү камсыз кылат.

Картаны кантип аласыз?

•    Ал сизге ажылыкты уюштуруу штабы (ажы башчыңыз) тарабынан берилет.
•    Санарип версиясы Nusuk жана Tawakkalna тиркемелеринде жеткиликтүү.

Ажылык амалдарыңыз кабыл болсун!