"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ыйык сапарга аттанат. Бул күндөрдө дүйнөнүн чар тарабынан келген мусулмандар Меккеге жана ыйык жерлерге жол тартып, ажылык ибадатын аткарууга даярдык көрүшөт.
Бул сапар — руханий тазалануунун, сабырдын жана биримдиктин жолу. Ар бир кадамыңыз берекелүү болуп, бардык дубаларыңыз кабыл болсун!
Ыйык сапарга чыккан ар бир зыяратчы үчүн Сауд Арабияга кирүүдө тартипти сактоо абдан маанилүү. Бул эрежелерди кармануу сапарды жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт.
Зыяратчылар үчүн эң маанилүү нерселердин бири – Nusuk картасы (бейжик). Бул картасыз Меккеге жана ыйык жерлерге кирүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле ал негизги кызматтарга жетүүнү камсыз кылат.
Картаны кантип аласыз?
• Ал сизге ажылыкты уюштуруу штабы (ажы башчыңыз) тарабынан берилет.
• Санарип версиясы Nusuk жана Tawakkalna тиркемелеринде жеткиликтүү.
Бажы көзөмөлүндөгү жүргүнчүлөрдүн милдеттери:
Декларациялоо милдети
Жүргүнчү төмөнкү буюмдарын сөзсүз ачыкташы керек:
• Акча жана баалуу буюмдар – 60 миң риялдан (болжол менен $16 000 АКШ доллары) ашса.
• Жүктөр/белектер – 3 миң риялдан ашса
• Тамеки – 200 сигареттен же 500 г. ашса
• Дары-дармек, дрон ж.б.
Эгер декларация кылбасаңыз – мыйзам алдында жоопкерчилик каралышы мүмкүн!
Декларация формасын кайдан алса болот?
Аэропортто – учуп кетүүдөн мурда, паспорт көзөмөлүнө чейин
Жалпы эскертүүлөр:
• Жеке буюмдарыңызга сак болуңуз!
• Башкалардын буюмдарын алып жүрбөңүз!
• Тыюу салынган нерселер табылса – жоопкерчилик сизге жүктөлөт
Тыюу салынган нерселер:
• Ичкилик, баңгизаттар
• Адеп-ахлакка каршы материалдар
• Электрошок, тыңшоочу жабдуулар
• Лазерлер (≤5 мВт чейинки кызыл түстүүлөргө гана уруксат)
• Фейерверктер (салюттар, жарылуучу заттар)
• Чайналуучу тамеки
• Катталбаган дары-дармек, аборт таблеткалары
• Кола жаңгактары, мускат порошоктору
• Жасалма акчалар
Маанилүү маалымат:
Декларация – 🇸🇦 «Акчаны адалдоого каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамдын талабы
Форманы толтуруу ашыкчалык кылбайт, болгону 5–10 мүнөт убактыңызды алат!
Ажылык амалдарыңыз кабыл болсун!
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын ажылык бөлүмү