«Ким адал жол менен эмгектенсе, биз анын ишин берекелүү кылабыз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди «Мекендештер менен руханий баарлашуу» аттуу маанилүү жолугушууга чакырабыз!
Иш-чарага Кыргызстандан барган мамлекеттик, коомдук жана диний кызматкерлер катышат. Алардын катарында:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков;
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров;
Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев;
Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов ж.б.
Жолугушууда руханий баалуулуктар, дин, коом жана жаш муундун тарбиясы тууралуу маанилүү пикирлер айтылып, мекендештер менен эркин баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Күнү: 11-октябрь
Убактысы: саат 14:00 (АКШ, Чикаго убактысы)
1200 Hicks Rd, Rolling Meadows, IL 60008
Бардык мекендештерди пайдалуу жана мазмундуу жолугушууга чакырабыз!