«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык маркум Чубак ажы Жалиловго эң жогорку даражадагы «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылып, «Кыргыз Республикасынын Эл баатыры» даражасы ыйгарылды.
Чубак Жалилов диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого өзгөчө салым кошкон.
Ал 2020-жылы пандемия учурунда каза тапкан.