«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Баткен облусунун Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаарынан ажыга барууга даярданып жаткан жарандарга түшүндүрүү сабагын өткөрдү.
Сабактын жүрүшүндө ажылык ибадатынын тартиби, негизги шарттары жана аткаруу эрежелери кеңири баяндалды. Ошондой эле ажылык сапарындагы адеп-ахлак нормалары жана коопсуздук маселелери боюнча маалымат берилди.
Иш-чаранын максаты – ажыга баруучулардын диний билимин жогорулатуу, ибадаттарды туура аткаруусуна көмөк көрсөтүү жана сапар учурундагы мүмкүн болгон жагдайларга даярдоо болуп саналат.
Эске салсак, быйыл облус боюнча 632 жаран ажылыкка баруу мүмкүнчүлүгүн алган.