«Ким адал жол менен эмгектенсе, биз анын ишин берекелүү кылабыз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
Коом | 11.10.2026
  • |

КМДБнын Илим изилдөө институтунун директору Имам Бухаринин илимий мурасына арналган эл аралык симпозиумга катышты

КМДБнын алдындагы илим изилдөө институтунун директору Самаган  Мырзаибраимов Имам Бухаринин илимий мурасына арналган эл аралык симпозиумга катышты. Иш-чаранын негизги максаты – улуу ислам аалымы Имам Бухаринин илимий мурасын салттуу илимий ыкмалар менен заманбап изилдөө методдорун айкалыштыруу аркылуу терең изилдөө.

Симпозиумдун алкагында «Сахих аль-Бухари» эмгегинин кол жазма нускалары, алардагы угуу, окуу, уруксат берүү жана текстти оңдоо боюнча жазуулар, тексттик айырмачылыктар жана риваяттардын таралуу байланыштары талкууланууда.

Иш-чарада Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Египет баштаган өлкөлөрдөн, о.э. Борбор Азиянын, Магриб аймагынын, Индия жарым аралынын, Африка жана Батыш өлкөлөрүнөн катышуучулар доклад окуду.

Аталган симпозиум Имам Бухаринин баа жеткис илимий мурасын жаңы изилдөөлөрдүн негизинде тереңирээк таанууга, кол жазма булактарды илимий жактан салыштырып үйрөнүүгө жана ислам илимдеринин өнүгүшүнө салым кошууга багытталган.