“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
КМДБнын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде райондук баш имам-хатибдердин 2026-жылдын экинчи кварталынын боюнча жыйыны өткөрүлдү. Жыйынды Азирети муфтийдин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев алып барып, күн тартибиндеги маселелер боюнча кеңири маалымат алынды. Жыйындын жүрүшүндө райондук баш имам-хатибдер тарабынан аткарылган иштер боюнча отчеттор угулуп, диний тармактагы актуалдуу маселелер талкууланды. Айрыкча мечиттерди каттоо иштерин жандандыруу, мечиттердин ички жана сырткы тазалыгын талапка ылайык камсыз кылуу, жума баяндарын элге түшүнүктүү жана жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле диний мекемелердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу, жамаат менен болгон байланышты чыңдоо жана КМДБ тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди. Жыйындын соңунда алдыдагы милдеттер белгиленип, райондук баш имам-хатибдерге бир катар тапшырмалар жүктөлдү. Кызыктырган суроолор боюнча пикир алмашуу жүрүп, тиешелүү нускамалар берилди.