“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 17.07.2026
  • |

Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жаратылыш кырсыктарына байланыштуу түлөө өткөрдү

Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы өлкө аймагында катталган жаратылыш кырсыктарына жана башка өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу эл-журттун амандыгын, мамлекетибиздин тынчтыгын жана жергебиздин берекесин тилеп, түлөө өткөрдү.

Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, аксакалдар, диний аалымдар жана Муфтияттын кызматкерлери катышты.

Түлөө учурунда өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин ынтымагы, жаратылыш кырсыктарынан жана ар кандай балээлерден сактоо, ошондой эле мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшү үчүн дубалар окулду.
Иш-чаранын алкагында бодо мал союлуп, анын эти жетим-жесирлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана башка жардамга муктаж катмардагы адамдарга таратылды.

Мындай түлөө иш-чаралары Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын өлкө аймагындагы өкүлчүлүктөрү тарабынан да уюштурулуп, жер-жерлерде элдин амандыгын, тынчтыкты жана берекени тилөө максатында өткөрүлдү. Ошондой эле өкүлчүлүктөр тарабынан муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук жардамдары көрсөтүлдү.

Аталган саамалык ислам дининдеги кайрымдуулук, боорукерлик жана муктаждарга колдоо көрсөтүү сыяктуу асыл баалуулуктарды иш жүзүндө чагылдыруу менен бирге, коомдогу ынтымакты, биримдикти жана өз ара жардамдашууну бекемдөөгө багытталды.

Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы мындан ары да кайрымдуулук жана социалдык колдоо багытындагы иш-чараларды улантып, элдин биримдигин жана руханий баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган иштерди жүргүзө берет.
Жараткан Алла Таала элибизге тынчтык, аманчылык, молчулук жана береке насип этип, өлкөбүздү ар кандай кырсыктардан сактасын.