"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Урматтуу мусулман бир туугандар!
Берекелүү улуу Арафат өрөөнүнөн бардык мусулман бир туугандарыма чын жүрөктөн ысык саламымды жолдойм.
Азыр дүйнөнүн төрт бурчунан келген мусулмандар ажылык ибадатын аткаруу максатында Арафат тоосуна чогулуп, Жаратканга жалбарып турган мезгил. Ошолордун катарында Кыргызстандан келген 6 миңге жакын ажыларыбыздын да ибадаттарын Аллах Таала кабыл кылсын. Алардын дуба-тилектери кабыл болуп, элибизге, жерибизге, мамлекетибизге жана келечек муундарыбызга жакшылыктарды насип кылсын.
Улуу жайда, улуу күндөрдө ажыларыбыз элибиз, журтубуз, мекенибиз жана келечек муундарыбыз үчүн дуба кылышты. Аллах Таала алардын дубаларын кабыл кылган болсун.
Кадырман мусулман бир туугандар!
Баарыңыздарды улуу ибадаттын, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана биримдиктин майрамы болгон ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Курман айт — адам баласын Жаратканга жакындаткан, жүрөктөрдү тазарткан, пенденин ыйманын бекемдеген, боорукерликке, сабырдуулукка жана кайрымдуулукка үндөгөн улуу майрам. Бул күндөрдө ар бирибиз жакшылыкка умтулуп, муктаждарга жардам колун сунуп, жакындарыбызга мээрим төгүп, коомубузда ынтымакты, биримдикти жана боордоштукту чыңдоого аракет кылуубуз зарыл.
Ыйык ажылык амалын өтөп жаткан мекендештерибиздин ажылыктары кабыл болуп, Алла Таала аларды аман-эсен эл-журтуна, үй-бүлөсүнө кайтып келүүнү насип кылсын. Ажылык сапарындагы ар бир дуба, ар бир ибадат, ар бир жакшы ниет элибиздин тынчтыгына, өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана жалпы мусулмандардын ынтымагына себепчи болсун.
Бул ыйык майрамда Жараткан Алла Тааладан сүйүктүү Кыргызстаныбызга бекем тынчтык, элибизге ынтымак, мамлекетибизге туруктуу өнүгүү, ар бир үй-бүлөгө береке, ырыскы жана ыйман тилейм. Өлкөбүздө адилеттүүлүк, биримдик жана өз ара урмат-сый бекемделип, элибиздин келечеги жарык, жаштарыбыз ыймандуу, илимдүү жана адептүү болсун.
Курман айттын берекеси ар бир үйгө кубаныч, ар бир жүрөккө нур, ар бир үй-бүлөгө тынчтык жана жакшылык алып келсин. Кылган курмандыктарыңыздар, дубаларыңыздар жана сооптуу амалдарыңыздар Алла Тааланын алдында кабыл болсун.
Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!
Урматтоо менен,
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров