«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 15.10.2026
  • |

Кыргызстандык делегация Юта штатынын Сенатынын президенти менен жолугушту

Кечээ, 14-октябрда Кыргызстандан барган делегация АКШнын Юта штатынын Сенатынын президенти Джей Стюарт Адамс менен жылуу атмосферада жолугушту.

Айта кетсек, бүгүн  Солт-Лейк-Сити шаарында G20 форуму башталат.

Кыргызстандын атынан форумга катышуучулар:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков;
- Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров;
- Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев;
- Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов ж.б.