«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Урматтуу мекендештер! 🇰🇬
Сиздерди «Мекендештер менен руханий баарлашуу» аттуу маанилүү жолугушууга чакырабыз!
Жолугушууга Кыргызстандан келген белгилүү коомдук, диний жана илимий ишмерлер катышат:
* Аалымдар кеңешинин төрагасы — Замир Ракиев;
* Кыргызстандын мусулмандарынын Азирети Муфтийи — Абдулазиз Закиров;
* Ислам университетинин ректору — Абдишүкүр ажы Нарматов;
* Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы — Талантбек Ташыбеков.
Жолугушууда руханий баалуулуктар, дин, коом жана жаш муундун тарбиясы тууралуу маанилүү пикирлер айтылып, мекендештер менен эркин баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Күнү: 11-октябрь
Убактысы: саат 14:00 (АКШ, Чикаго убактысы)
1200 Hicks Rd, Rolling Meadows, IL 60008
Бардык мекендештерди маанилүү жана мазмундуу жолугушууга чакырабыз!