«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 08.10.2026
  • |

КМДБ 34 туристтик компанияга Умра кызматын уюштуруу боюнча аккредитациялык сертификат тапшырды

2026-жылдын 7-октябрь күнү, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан 2026-2027-жылдар аралыгында Умра сапарын уюштуруу багытында иш алып баруучу туристтик компанияларды аккредитациялоонун жыйынтыгы чыгарылып, талаптардан ийгиликтүү өткөн 34 туристтик компанияга расмий сертификаттар тапшырылды.
Сертификаттарды тапшыруу аземине Азирети Муфтийдин орун басарлары Шакиржан ажы Маматов жана Рафаил ажы Татиков, Аккредитациялоо комиссиясынын төрагасы Давранбек ажы Жунусалиев, КМДБнын Умра бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле аккредитациядан өткөн туристтик компаниялардын жетекчилери катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө Азирети Муфтийдин орун басары Шакиржан ажы Маматов Азирети Муфтийдин саламын жана куттуктоосун жеткирүү менен сөз сүйлөп,   бүгүнтөн тарта аккредитациядан өткөн туристтик компаниялар менен жаңы келишимдердин негизинде кызматташтык жүргүзүлөрүн маалымдады.  Ал эми  мурдагы 2025-2026-жылдарга түзүлгөн келишимдер өз күчүн жоготконун белгиледи. 

КМДБ Умра ибадатын аткарууну каалаган жарандарды өздөрүнүн коопсуздугу жана укуктарын коргоо максатында аккредитациядан өткөн туристтик компаниялар аркылуу гана сапарга чыгууга чакырат.
Мындан сырткары, КМДБсы туристтик компанияларга тиешелүү аккредитациясы жок жарандарды Умра сапарына алып баруу мыйзамсыз экендигин эскертип, белгиленген талаптарды так сактоого үндөдү.

Белгилей кетсек, КМДБсы тарабынан жүргүзүлүп жаткан аккредитациялоо процесси муну менен жыйынтыкталбайт. Умра кызматтарын уюштуруу багытында иш алып барууну каалаган компаниялар белгиленген талаптарга ылайык документтерин тапшырып, аккредитациядан өтө алышат.

Аккредитациядан өткөн туристтик компаниялардын тизмеси:

1.    "Рахматулла Умра Тревэл" ЖЧК
2.    "Ой-трэвел" ЖЧК
3.    "АТЛАС ТРЭВЕЛ ЛЛС" ЖЧК
4.    ООО "Макка Тревел"
5.    "Мадина Муслим Тур" ЖЧК
6.    "Замзам Тревел" ЖЧК
7.    "Лидер Умра тревел эженси плюс" ЖЧК
8.    "АСК Трэвел КГ" ЖЧК
9.    "Из Трэвел" ЖЧК
10.    "Зиярат КейДжи" ЖЧК
11.    "Аят Умра Трэвел" ЖЧК
12.    "Макам Тревел" ЖЧК
13.    "Бейиш Трэвел" ЖЧК
14.    "Ниет Тревел" ЖЧК
15.    "Кызмат саякат" ЖЧК
16.    "Хиджаз Холдинг" ЖЧК
17.    "ИХЛАС НУР" ЖЧК
18.    ОсОО "JAZEERA Travel" (ДЖАЗИРА Трэвел)
19.    жчк "AYYILDIZ" (АЙЙЫЛДЫЗ)
20.    "Нур Умра Трэвел" ЖЧК
21.    "УМРА-ЗАМЗАМ" ЖЧК
22.    "Умра Официал" ЖЧК
23.    «Сапат Умра Тревел» ЖЧК
24.    ЖЧК "Фажр-Трэвел"
25.    "Рахима Трэвел" ЖЧК
26.    "Кей Джи тревел" ЖЧК
27.    "Дос Умра травел" ЖЧК
28.    "Агзам-Умра" ЖЧК
29.    "Кибла Тревел" ЖЧК
30.    "Бат Тревэл Компани" ЖЧК
31.    "ТАКЫБА УМРА" ЖЧК
32.    "КУТ УМРА" ЖЧК
33.    "Таваф Трэвел" ЖЧК
34.    "АЛТИНАЙ ЛТД" ЖЧК