«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 08.10.2026
  • |

Ажылык-2027: Ажы башчылар үчүн сабак өткөрүлдү

2027-жылдагы ажылык сапарын уюштурууга даярдыктын алкагында КМДБнын ажылык бөлүмү тарабынан ажы башчылар үчүн атайын сабак өткөрүлдү. Иш-чара Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте өтүп, ага Бишкек шаары, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан келген ажы башчылар катышты. Азирети Муфтийдин орун басары, комиссиянын төрагасы Рафаил Татиков ажы башчыларды жооптуу кызматка тандалышы менен куттуктап, алдыда турган милдеттердин маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле ар бир ажы башчы өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти так аткарып, зыяратчылар менен иш алып барууда жоопкерчиликтүү болууга тийиш экенин белгиледи. Улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Айбек Иминов ажылык сапарын уюштурууда жетекчиликке алынуучу мыйзамдар жана ченемдик талаптар боюнча маалымат берип, ажы башчылар тиешелүү талаптарды так билүүгө тийиш экенин белгиледи. Мындан сырткары, радикалдашуунун алдын алуу маселесине көңүл бурду. ИИМдин өкүлү Юрусланбек Абдуманнапов экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, улуттар жана региондор аралык кастыкты козутууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ажылык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары Давранбек Жунусалиев ажы башчылар уюштуруу иштеринде ийкемдүү болуп, берилген тапшырмаларды өз убагында жана так аткаруусу зарыл экендигин белгиледи. Мындан тышкары, «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасынын техникалык оператору Шаймерден Молдоказы уулу мобилдик тиркемени колдонуу боюнча практикалык сабак өттү. Анда ажы башчыларга тиркемеде иштөө тартиби, зыяратчылар менен иш алып барууда системанын мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу жана тиешелүү функцияларды колдонуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Окуунун алкагында ажы башчылар арасында чүчүкулак өткөрүлүп, айрым ажы башчылар тиешелүү аймактар боюнча бөлүштүрүлдү. Мындай сабактар Ош шаарында да уланып, ага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын ажы башчылары катышат.