"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 22.05.2026
  • |

Мина өрөнү зыяратчыларды тосууга даяр

Мина өрөөнү — ажылыктын маанилүү ибадаттары аткарылуучу ыйык жай

Ажылык ибадаттарынын негизги жана маанилүү учурларынын бири Мина өрөөнүндө башталат. Мина — Мекке шаарына жакын жайгашкан, ажылык амалдары менен тыгыз байланышкан маанилүү аймак. Ажылар бул жерге Зул-хижжа айынын 8-күнү, башкача айтканда Тарвия күнү келип, ажылыктын негизги амалдарына руханий даярдык көрүшөт.

Мина өрөөнүндө ажылар Алла  Таалага ибадат кылып, намаздарын окушат, зикир жана дуба менен алек болушат. Андан соң Арафатка чыгууга даярданышат. Курман айт күндөрү болсо ажылар кайра Минага келип, шайтанга таш ыргытуу, курмандык чалуу, чач алдыруу  сыяктуу ажылыктын маанилүү амалдарын аткарышат.

Мина өрөөнүндө болуу — ажынын сабырын, тартибин, биримдигин жана Жаратканга болгон моюн сунуусун көрсөтүүчү чоң ибадат.  Мина — ажылыктын сырын жана Алла Таалага толук баш ийүүнү эске салган ыйык өрөөн.