«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.»
(Термизий, 1987)
Коом | 17.04.2026
  • |

Муфтиятта кеңейтилген форматтагы жыйын өттү

Бүгүн, 17-апрель күнү КМДБнын жыйындар залында муфтияттын борбордук аппараты жана муфтийдин аймактагы өкүлдөрүнө багытталган кеңири форматтагы жыйын өттү. Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун жетекчилиги астында өткөн жыйын эки бөлүктөн туруп, бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

Жыйындын биринчи бөлүгүндө өкүлдөрдүн кварталдык отчёттору угулуп, КМДБ жетекчилиги тарабынан бааланса, экинчи бөлүктө төмөнкү маселелер күн тартибине коюлду. 

1.    Кадрлар резервине кабыл алуу боюнча сынак жана маалымат;
2.    Өкүлчүлүктөрдөгү аймактык штаттарды жана хатибияттарды оптималдаштыруу;
3.    Өкүлчүлүктөрдүн иштөө тартибин аныктаган жоболор;
4.    Жумуш графиги, дресс-код же болбосо имамдардын бирдиктүү формасын бекитүү;
5.    Көчмө жыйындарды уюштуруу.

Аталган жыйында тиешелүү пункттар боюнча маалыматтар айтылып, сунуш-пикирлер ортого салынды. 

Азирети Муфтий жыйынтык сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө" Жарлыгына токтолуп, тиешелүү пункттарды аткаруу боюнча аймактык өкүлдөргө тапшырма берди.