«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» (Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы”, “Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү” жана “Кыргыз жараны жөнүндө” Жарлыктарын аткаруу алкагында 2026-жылдын 4-августунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агентик тарабынан “Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси менен биргеликте Конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги иш-чарасы уюштурулуп өткөрүлдү. Ага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаарынын мэриясынын жана аймактагы ар түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди өркүндөтүү, чыңдоо, тынчтыкты камсыз кылуу, конфессиялардын, этникалык топтордун ортосунда иштиктүү кызматташтыкты орнотуу жана тажрыйба алмашуу максатында христиан диний уюмдардан (православ жана католик чиркөөлөрүнүн) ислам багытындагы уюмдардан (диний окуу жай жана борбордук мечиттин) тарыхы менен ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтык, агартуучулук баяндамалар жасалды.
Ош шаары жана Ош облусу боюнча Конфессиялар жана этностор аралык кеңеш 2022-жылы түзүлүп, ошол жылдан бери жергиликтүү бийликтер жана диний уюмдар менен биргеликте конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди өркүндөтүү максатында өз ишин жүргүзүп келүүдө.